super.kg logo
  Саясат  

Аты өзгөртүлгөн айылдардын жашоочулары паспортун алмаштыруусу керекпи? Жооп

 

Өлкөдөгү аты өзгөртүлгөн айылдардын жашоочулары паспортун алмаштыруусу зарыл эмес. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрдагы парламент жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Жыйында айрым калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү маселеси каралып жаткан. Анда Кудайберген Базарбаев административдик-аймактык реформа тууралуу суроолорго жооп берди.

Депутат Дастан Бекешев "Айылдардын аталышын өзгөртүп жатабыз, жарандар да паспортун алмаштыруусу керекпи?" деп суроо салды. Базарбаев алмаштыруунун зарылчылыгы жок экенин айтты.

Жыйынтыгында өлкөдөгү бир катар калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңешке Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар айылдардын жана айыл аймактарынын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору келип түшкөнү маалым болгон.






Жогорку Кеңеш 20.09.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: