super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мажитова кесиптештерине: "Эки жигиттен "эркекче поступок" күткөм, аялча да кыла алышкан жок"

 

Бүгүн, 20-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө маселе каралды.

Жыйында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Таалайбек Масабировдун, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Гүлшаркан Култаеванын талапкерлигин сунуштады.

Ал эми “Ынтымак” фракциясынан көрсөтүлгөн Шарапаткан Мажитова менен “Элдик” депутаттык тобунан сунушталган Нурлан Ражабалиев өз талапкерлигин алып салышты.

"Бир жарым жыл мурда да Бюджет комитетине шайлоо болгондо Өмүрбек Бакиров экөөбүз чыгып калганбыз. Анда жаштар иштесин деп ага жол бошотком. Ошондо жигитчиликти жогору баалаган Элмурза Сатыбалдиев келип "эркекче поступок" жасадыңыз деген. Бүгүн мен да эки жигиттен (ред: Таалайбек Масабиров менен Нурлан Ражабалиев) "эркекче поступок" күттүм эле, болбой калды. Эч болбосо мен кылгандай "аялча поступок" кылышкан жок", - деди Мажитова тамашалап.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйындыгында депутат Талайбек Масабиров Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Ал эми Гүлшаркан Култаева Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.






Жогорку Кеңеш 20.09.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: