super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Бишкектеги IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

 

Бүгүн, 20-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы IT-коворкинг борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, таанышуунун жүрүшүндө республиканы санариптик жактан өнүктүрүү мамлекеттик ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири экени белгиленди.

IT-борборго болгон сапарда министрлер кабинетинин төрагасына борборду мындан ары өнүктүрүү пландары, фрилансерлер үчүн коворкинг, IT-хаб жана анын башка мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Акылбек Жапаров бизнести өнүктүрүү, анын ичинде маалыматтык технологиялар тармагында жалпы экономиканын өнүгүшүнө мультипликативдик таасир берээрин белгиледи.

“Жеке бизнеске маалыматтык технологияларды колдонууга жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүндүк берген IT-чечимдери мамлекеттик көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы инструмент болуп калышы мүмкүн жана өлкөдөгү санариптештирүү процессин тездетүүгө жардам берет. Учурда өлкөдө ишке киргизилген IT-чечимдердин көбү бизнеске жана мамлекеттик органдарга санариптик трансформация көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүүдө. Жыл сайын аларга суроо-талап өсүүдө. Биз аны жайылтууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле бул тармакты өнүктүргөн компанияларды колдоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө даярбыз”, - деп белгиледи Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: