super.kg logo

Унду арзан баада жарманкелерден сатып алыңыз. Дареги

 

Ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте унду тегирмендин баасында сатуу боюнча жарманкелер уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Айыл чарба министрлигинин Агроөнөр жай кластерлери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Исхак Анарбеков Кыргызстанда ундун көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок экенин түшүндүрдү.

"Буга чейин казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50 пайызын Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Ал эми ундун кымбатташына Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев казакстандык ишкерлер Кыргызстанга ун азыктарын жөнөтпөй жатканы менен түшүндүргөн.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

- "Ош" базары;

- "Аламедин" базары ("Табылга" соода борборунун аялдамасы);

- "Орто-Сай" базары ("Оберон" бөлүмүнүн кире бериши);

- "Дордой фут" базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы:

жогорку сорт - 1 860 сом;

1-сорт - 1500 сом;

2-сорт - 1125 сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: