super.kg logo

Гүлзат Мамытбек Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровдон кечирим сурады (видео)

 

Блогер Гүлзат Мамытбек алып баруучулар Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровдон кечирим сурады.

Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда Гүлзат Мамытбек микрофон өчүрүлгөнүнө эле бир аз ыза болгонун, эч кимге жаман ою жок экенин айтты.

"Санжар Мыкыев, Нурсултан Майназаров бардыгыңардан кечирим сурайм. Мен Кыргызстанды дайыма №1 деп келем. Ал конференция инфо бизнес боюнча болчу. Ошондуктан биз инфо бизнестен артта калып кетиптирбиз, Кыргызым көтөрүлөлү дегенче болбой микрофондор өчүп калып жатпайбы. Анан экинчи микрофонго барсам ал дагы өчүп калып жатпайбы. Ошого кичине ызаланып кеттим. Ушул менен болду бул теманы жабалычы", - деди Гүлзат Мамытбек.

Эске салсак, блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, иш-чарада сүйлөп жатканда уюштуруучулар анын микрофонун өчүрүп салышканын айтып, көзүнө жаш алган. Анда ал уюштуруучу катары алып баруучулар Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровду күнөөлөгөн.

Кечээ, 20-сентябрда окуя боюнча Санжар Мыкыев да кайрылуу жасап, ал Гүлзат Мамытбекке унчукпай чыдап келгенин, бирок ал калп айтканда аргасыз кайрылуу жасап жатканын билдирген. Өз сөзүндө Мыкыев Гүлзат Мамытбекти сотко бере тургандыгын кошумчалаган.






Гүлзат Мамытбек Санжар Мыкыевден кечирим сурады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: