super.kg logo

Селекциядагы окуя: Күйөөсү бети-башын кескилеп салган аялга 8 саатка чукул операция жасалды

 

Бишкектин четиндеги Селекция конушунда күйөөсү бети башын кескилеп салган аялга 8 саатка чукул операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрлик бети кесилген аялдын абалы орточо оор экенин билдирди. Учурда ал Улуттук госпиталда жатат.

"Бети кесилген жараат менен түшкөн бейтаптын операциядан кийинки абалы орточо оор деп бааланууда. Жалпысынан операция сегиз саатка жакын созулду. Жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнөн жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулуп, медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө", - деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, буга чейин Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйноого алганы боюнча маалымат социалдык тармактарга жарыяланган. Жабыркаган келин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы да айтылган болчу. Көп өтпөй облустук милициядан шектүүнүн кармалганын билдиришти.

SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын билүү үчүн жерине барган. Андагы видеону толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: