Жалал-Абадда келиндин интимдик сүрөттөрүн таратарын айтып, акча талап кылганга шектүү кармалды

Билдирүүгө ылайык, 17-сентябрь күнү милицияга арыз менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу (аял киши) кайрылган. Ал арызында акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Шектүү жаран “интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам” деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген. Буга чейин ал 2021-жылдан бери шантаж жолу менен арыздануучудан 200 миң сом алган.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун аймагынан жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын накталай алып кетип бара жаткан жеринен шектүү кармалган. Кармалган учурда шектүү өзүнүн Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасы менен кетип жаткан.
Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал 1987-жылы туулган М.У. болуп чыккан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.