super.kg logo

Ильхам Алиев Карабахтагы операциядан кийин Азербайжан элине кайрылуу жасады

 

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Карабахтагы атайын операциядан кийин Азербайжан элине кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун Sputnik Азербайжан агенттиги жарыялады.

Кайрылуусунда ал Карабахтагы антитеррордук иш-чаралардын башталышынын жана ийгиликтүү аякташынын натыйжасында Азербайжан өз суверенитетин калыбына келтиргенин билдирди.

"Армян мамлекети тарабынан мыйзамсыз түрдө Азербайжандын аймактарында жайгаштырылган армиянын олуттуу бөлүгү толугу менен жок кылынды", - деди ал.

Президент экинчи Карабах согушунан кийин Лачин чек ара бекети түзүлгөнгө чейин Армениядан мыйзамсыз түрдө Карабах аймагына миналар алынып келинип, ар кайсы жерлерге орнотулганын айтты.

"Бир нече убакыт мурун Азербайжандын куралдуу күчтөрү тарабынан табылган миналар Орусиянын бейпилдик күчтөрүнө жана орус-түрк байкоочу борборунун өкүлдөрүнө көрсөтүлүп, олуттуу чараларды көрүүсү талап кылынды. Бул миналар 2021-жылы Арменияда өндүрүлгөн. Бул дагы бир жолу бул миналар экинчи Карабах согушунан кийин Азербайжанга каршы террордук чабуулдарды жасоо үчүн атайылап алынып келингенин көрсөтүп турат", - деп баса белгиледи Алиев.

Ал ошондой эле атайын операцияда Армениянын курал-жарактарынын жана техникасынын басымдуу бөлүгү жок кылынганын кошумчалады.

"Азербайжандын аймагына Армениянын армиясына таандык жүздөн ашык танк, бронетранспортер жана БТРлер мыйзамсыз жайгаштырылды. Электрондук согуш техникасы жайгаштырылды. Эки жүздөн ашык замбирек жана артиллериялык түзүлүштөр, акыркы үлгүдөгү зениттик түзүлүштөр жайгаштырылды. 2020-жылдын 10-ноябрындагы үч тараптуу келишим кабыл алынганына карабастан, Армения өзүнүн куралдуу күчтөрүн жана техникасын биздин аймагыбыздан үч жылдан бери чыгарбай келген", - деди Ильхам Алиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: