super.kg logo
  Саясат  

Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүү демилгеси: Парламентте талаш жаралды (видео)

 

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, камактагы оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси кайрадан каралды.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, депутат Алишер Эрбаев бүгүнкү күн тартибине комиссиянын курамын токтом менен бекитүүнү киргизүүнү суранды. Ага төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев "Муну кечээ киргизиш керек болчу. Кайра сунуштасаңар, кийинки жумада киргизебиз" деп жооп кайтарды.

Ага депутат Гуля Кожокулова регламентте андай нерсе жок экенин айтып, бүгүн киргизүүнү талап кылды. Ал буга чейин башка маселелерде кайрадан добуш берилип жүргөнүн белгилеп, Сыдыгалиевден кайсы беренеге таянып айтып жатканын сурады. Ошондой эле ал оппозициянын маселеси каралып жатканда калыс мамиле болбой жатканын айтып, ага Сыдыгалиевди айыптады.

Нурбек Сыдыгалиев регламент боюнча 80-беренеде кайсы бир маселеге кайрадан кайрылып келүү үчүн ошол күнү сунуш берилиши керектигин жүйө келтирип, күн тартибине кийинки аптада киргизерин кайталады.

Белгилей кетсек, комиссия түзүү демилгеси парламенттин кечээги жыйынында каттоодон өткөн 68 депутаттын ичинен 40 эл өкүлүнүн макулдугу менен колдоо тапкан. Анын негизинде комиссиянын курамына ар бир фракциядан жана депутаттык топтордон бирден өкүл кирүүсү керек эле. "Мекенчил" депутаттык тобу менен "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы комиссиянын курамына кирүүдөн баш тарткан. Калган фракциялар мүчөлөрүн сунуштаган жана аларга бир мандаттуу округдан шайланган депутат Дастан Бекешев кошулган.

Комиссиянын курамын токтом менен бекитип алуу үчүн добушка коюлуп, каттоодон өткөн 73 депутаттын ичинен 40 эл өкүлү колдосо, 11 депутат каршы добуш берген. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев токтом 46 депутаттын макулдугу менен өтө турганын жүйө келтирип, убактылуу депутаттык комиссия түзүү демилгеси колдоо таппай калганын билдирген.






Жогорку Кеңеш 21.20.23.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: