super.kg logo
  Саясат  

"Суудан жок же ундан жок". Тазабек Икрамов ундун кымбаттаганы боюнча өкмөттүн маалыматын угууну демилгеледи

 

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Жогорку Кеңеште ундун кымбатташы тууралуу маселени көтөрдү.

Депутаттын айтымында, Кыргызстанда бир кап ун бир заматта миң сомго кымбаттаган.

"Бул мезгилге чейин Министрлер кабинети кышка даяр эмес экенин дагы бир жолу көрсөтүп койду. Бир кап унга бир заматта миң сом кошулду. Бул өкмөттүн шалаакылыгы. Министрликтер кыштан кандай чыгуу пландарын коюш керек.

Мына Казакстанга каалагандай суу бердик, азыр суудан жок же ундан жок. Бул башталышы, күзүндө эле бир кап ун миң сомго кымбаттап жатат. Ошондуктан өкмөттү чакырып, суроо-талап кылалы. Элден акча жыйнашты билебиз, элди кантип багышты билбейбиз. Пенсиясына 500 сом кошулганы менен унга бир эле күндө миң сом кошулуп жатпайбы", - деди Тазабек Икрамов.






Тазабек икрамов ун кескин кымбаттаганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: