super.kg logo
  Саясат  

"Сөзсүз бирөө өлүш керекпи?". Селекциядагы үрөй учурган окуя Жогорку Кеңеште көтөрүлдү (видео)

 

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова Селекциядагы үрөй учурган кылмыш боюнча маселени көтөрдү.

Депутат сөз сүйлөп жатып, милициянын кайдыгерлигине нааразы болду.

"Кечээ каргашалуу бир окуя болду. Селекцияда эркек киши жубайынын бетин, кулагын кесип жатпайбы. Милицияга бир нече жолу кайрылса кайдыгер болгону социалдык тармакка чыкты. Эмнеге азыр өлкөбүздө сөзсүз түрдө интернетке чыгып же резонанс болгондо эле көзөмөлгө алынат. Мен министрликтин жоопкерчилигин караш керек, мен талап кылам. Сөзсүз түрдө бирөө өлүш керек же бир жаман окуя болгондо гана көзөмөлгө алынышы туура эмес", - деди депутат.

Ошондой эле ал бул маселени көзөмөлүнө аларын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Чүйдүн Селекция айылында күйөөсү аялынын бети-башын кескилеп, таң атканча кыйноого алганы боюнча маалымат социалдык тармактарга жарыяланган. Жабыркаган келин оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы да айтылган болчу. Көп өтпөй облустук милициядан шектүүнүн кармалганын билдиришти.

SUPER.KG порталы окуянын чоо-жайын билүү үчүн жерине барган. Андагы видеону толугу менен шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыздар.






Жогорку Кеңеште Селекциядагы кылмыш көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: