super.kg logo

Ош-Эркечтам жолундагы кырсыктан үч студент кыз каза болду

 

Ош-Сары-Таш-Эркечтам автоунаа жолундагы Каратай айылындагы жол кырсыгында үч студент кыз каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустук жол кайгуул кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, кырсык кечээ, 20-сентябрда болгон. Анда Honda Fit үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан айдоочу кыз каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаа менен кагышкан. Жеңил унаада алты адам болгон. Алардын үчөө көз жумуп, калган үч киши ооруканага жеткирилген.

Жеңил унаа Ош шаарына бара жаткан болсо, ал эми Өзбекстандын мамлекеттик номерлүү жүк ташуучу унаасы Оштон Алайга бара жаткан.

Эскерте кетсек, ушул айдын үчүндө да аталган трассада жол кырсыгы катталып, 4 киши каза болгон болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: