super.kg logo

Кыргызстанда кийинки жылдан тарта чет элдик тасмалар кыргыз субтитрлери менен көрсөтүлөт

 
Кыргызстанда 2024-жылдын жазынан тарта чет элдик тасмаларды кыргыз субтитрлери менен көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, чет элдик тасмалардын ири дистрибьюторлору “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору менен 2024-жылдын жазынан тарта Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлө турган бардык чет элдик тасмалар кыргызча субтитрлер менен көрсөтүлө тургандыгы жөнүндө макулдашышты.
“Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков чет элдик тасмаларды кыргыз тилине дубляждоо маселеси боюнча алгачкы кадам ташталганын билдирди. Анын айтымында, баштапкы этапта эң оптималдуу вариант бул – субтитр менен коштоо, себеби дубляж жана синхрондуу котормо чоң бюджетти талап кылат.
Эске салсак, быйыл 17-июлда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Анда мамлекеттик тилди колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздери белгиленген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: