"Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни". Ташиев ундун баасы боюнча билдирүү жасады

"Урматтуу мекендештер! Ундун баасы көтөрүлүп кетти деп "хайп" кармаган депутаттарга айтарым баа көтөрүлбөйт. Мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казактардын унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт.
1- сорт ундун баасы килограммына 30 сом, бир кап ун 1 500 сом, жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн. Себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт. Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Так что Жогорку Кеңештин депутаттары Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни!", -деп жазды Ташиев.
Эске салсак, бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев ундун кымбаттаганына өкмөт жетиштүү деңгээлде чара көрбөй жатканын айтып, нааразы болгон. Өз сөзүндө эл өкүлү "Алмасбек Акунжанович, мен алып берейин же сиз аласызбы. Бир пачка “Сникерс” алып азык-түлүккө жооптуу министрлерге берип туруп “не тормози, сникерсни” деп коюңузчу"-деп билдирген.
Ал эми Тазабек Икрамов ундун кымбатташы тууралуу маселени көтөрүп, Кыргызстанда бир кап ун бир заматта миң сомго кымбаттаганын сындаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

