super.kg logo

Айыл чарба министрлиги: "Өлкөдө буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок"

 

Кыргызстанда буудайдын көлөмү жетиштүү, кооптонууга негиз жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, эртеңден баштап ӨКМга караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылат.

Ошондой эле ун рыногундагы абалды турукташтыруу боюнча министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Айыл чарба министрлиги, ун өндүрүүчү ассоциациялары жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте ун азыктарын өз баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

  • “Ош” базары;
  • “Аламедин” базары (“Табылга” соода борборунун аялдамасы);
  • “Орто-Сай” базары (“Оберон” бөлүмүнүн кире бериши);
  • “Дордой фут” базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы:

  • жогорку сорт — 1 860 сом;
  • 1-сорт — 1 500 сом;
  • 2-сорт — 1 125 сом.

Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында "Кыргыз Республикасынын айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомдун долбоорун министрлер кабинетинин кароосуна алты айлык мөөнөткө буудай унуна жана аштык буудай данына киргизди.

Айыл чарба министрлиги тарабынан 2023-2027-жылдарга КРнын азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы жөнүндө министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыкты.

Бүгүнкү күндө бул программа бекитүү үчүн министрлер кабинетинин кароосуна киргизилген.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев менен Тазабек Икрамов ун жетишсиздиги боюнча маселени көтөргөн болчу. Андан соң УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарга жооп берип, "хайп" менен алектенүүдөн алыс болууга чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: