Бишкектеги Туңгуч кичи районунда сквер ачылды (фото)








Бишкектин Туңгуч кичи районунда GIZ эл аралык уюмунун өкүлдөрүнүн жана кичи райондун тургундарынын катышуусунда сейил бакча ачылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгиленгендей, бакчанын аянты 12 сотыхты түзөт, 6 отургуч коюлуп, анын 2 даанасы чатырлуу, ошондой эле жарыктандыруу орнотулуп, таман таштар төшөлгөн. Мындан тышкары жашылдандыруу максатында чоң дарактар, ийне жалбырактуу туялар, бадалдар, карагайлар отургузулуп, газон себилди.
Курулуштун каржылык бөлүгүн Октябрь районунун администрациясы өз моюнуна алып, материалдарды GIZ эл аралык уюму тарабынан берилген.
Белгилей кетсек, сквердин курулушу ушул жылдын жаз айларында башталып, анда «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекжарык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери эмгектенишкен.



