Садыр Жапаров дүйнөдөгү эң ири Нью-Йорк фондулук биржасына барды (фото)





Президент Садыр Жапаров кечээ, 21-сентябрда Уолл-Стритте жайгашкан Нью-Йорк фондулук биржасына (NYSE) барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Бул капиталдаштыруу боюнча Америка Кошмо Штаттарындагы жана дүйнөдөгү эң ири фондулук биржа.
Нью-Йорк фондулук биржасынын вице-президенти Жон Таттл сооданы жеңилдетүү үчүн колдонулган, төрт соода залынан турган NYSE соода аянты жөнүндө, ошондой эле анын тарыхы, түзүмү жана ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып берди.
Нью-Йорк фондулук биржасынын кеңсесинде жүргөндө мамлекет башчысы биржанын иш процесси менен таанышууга жана тооруктун жүрүшүн байкоого мүмкүнчүлүгү болду.
Ошондой эле таанышуу учурунда Садыр Жапаров NYSE'нин ардактуу меймандар китебине жазуу калтырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

