"Мектепте акча чогулткандарга айып салынат". Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Ага ылайык, мектепте каражат чогулткан жеке жактарга 7 500 сом, коомдук фонддорду түзүү жолу менен жыйнаган жеке жактарга 10 миң, юридикалык тараптарга 28 миң сом айып пул салуу сунушталды.
"Мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоого багытталган", - деп жазылат анда.
Долбоор президенттин “Балдардын акысыз мектепте билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

