Акыйкатчылар Ошто окуучуну "мал" деп урушкан мугалим кайра жумушка алынганын айтышты
Ош шаарында окуучуну "мал", "акмак" деп кемсинткен мугалим кайра жумушка алынган. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаарынын тургуну Г.И. Акыйкатчы институтуна кайрылган. Анда ал окуу жылы башталгандан кийин балдарын жалпы билим берүү мектептеринин биринен алып, жеке менчик мектепке киргизүүгө мажбур болгонун, анткени мектепке өткөн жылы анын 1-класска кирген уулун кемсинткен мугалим кайтып келгенин билдирген.
"2022-жылдын сентябрь айында Ош шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин биринде У. И. аттуу мугалим биринчи класстын окуучусун “мал” жана “акмак” деп тилдеп, баланы бетке чапкан. Ошондой эле ал класстагы балдарды “жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор” деп урушкан. Мунун баары окуучунун смарт-саатына жазылып калган. Үн жазууну уккан ата-энелер мектеп жетекчилигине чара колдонуу талабы менен кайрылышкан. Үн жазуу ошондой эле социалдык тармактарга жарыяланган. Окуя резонанс жаратып, башка окуучулардын ата-энелери да нааразы болушкан. Бул окуядан кийин мугалим жеке арызы менен жумуштан бошоого мажбур болгон", - деп жазылат билдирүүдө.
Бирок 2023-жылдын 4-апрелинде ал кайрадан ушул эле мектепке мугалим болуп ишке кирген.
Аталган фактыга Г.И. нааразы болуп, адегенде мектеп жетекчилигине кайрылып, андан кийин алардан аракет болбогондо Акыйкатчы институтуна арыз жазган.
Акыйкатчы институту май айынан бери Билим берүү министрлигине бир нече ирет расмий билдирүү жөнөтүп, баланын укуктарын сактоону камсыздоого жана чара колдонууга чакырган.
"Бирок август айынын соңуна чейин жооп болгон эмес. 21-августта министрликтен У. И.ни тажрыйбасын эске алып кайрадан мектепке ишке алышканы айтылган жооп келген. Ушул эле катта баланын укуктарын коргоо жана мектеп бул багытта иш алып бара турганы эскертилген эмес. Анан калса министрлик мугалимдин кайтып келүүсүн ата-энелер да колдогонун белгилейт.
Бирок институт Башкы прокуратурага У. И. аттуу мугалимдин аракетине баа берүү чакырыгы менен расмий билдирме жөнөткөн.
Акыйкатчы институтуна келген көзөмөл органы берген расмий катта У. И. мектеп окуучуларын кемсинтүү жана басымырлоо менен Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 29-беренесин бузганы айтылат.
Ошондой эле 1-августта аталган мектептин директору Б. Ж.га сөгүш жарыяланганы маалымдалган", - деп билдиришти Акыйкатчы институтунан.
Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова Г. И. балдарын коргоо максатында аларды жеке менчик мектепке берүүгө мажбур болгонун белгиледи.
Аялдын айтымында, жеке менчик мектептин директору анын балдарын мектепке кабыл алуудан баш тарткан.
“Силерди Ош шаарындагы баардык мектептердин “кара тизмесине” киргизип салышты деп айтып жатышат дейт ал. Ага айтып түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок директор уккан да жок. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек? Башталгыч класстардын балдарына билим берилбей калабы?", - деген аргасы кеткен аял ыйлап.
Акыйкатчы институту Министрлер кабинетин балдардын билим алууга карата укугун сактоону камсыздоого жана баланын укуктарын бузууга өтө эле одоно жол берген тараптарга чара колдонууга чакырат.
“Билим берүү министрлигин педагогдун, ошондой эле шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинин аракетине баа берүүгө чакырабыз. Кенже класстын балдарына жаман айтып жана тилдеген, аларды кыйкырып урушкан педагогдун мугалим болууга моралдык укугу барбы?", -деп белгиледи Наиля Токтосунова.
