Зомбулукка кабылган аялдарга ыкчам жардам берүү үчүн тиркеме иштелип чыгат

Маалым болгондой, “Кадес” мобилдик тиркемесин уюлдук телефонго App Store и Google Play аркылуу бекер жүктөп алса болот. Жүктөгөндөн кийин өзү жөнүндө толук маалыматы (аты-жөнү жана геолокациясын) киргизиши шарт. Андан соң телефонго код менен СМС жөнөтүлөт жана орнотулгандан кийин экранда баскыч пайда болот.
“Кадес” мобилдик тиркемеси аркылуу аялдар жана кыздар физикалык зомбулукка кабылган учурларда гана эмес, сексуалдык зордук-зомбулукка, асылууга, аңдууга жана башка кооптуу кырдаалдарга учураган учурларда дагы жардам сурай алышат.
"Эгерде зордук зомбулук аракеттерин жасаган кырдаалга туш болсо же кандайдыр бир коркунуч сезилсе, жөн гана телефонго жүктөлгөн тиркемени ачып, экрандагы баскычты басат. Ошол замат жардам баскычы дароо милициянын операторуна жөнөтүлөт. Жакын аймактагы кайгуул же милиция кызматкерлери тез аранын ичинде геолокация аркылуу келет жана жардам көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:16
2025-07-03

16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.