super.kg logo
  Саясат  

Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17,25 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталды

 

Бүгүн, 22-сентябрда “Альянс” фракциясынын жыйынында Социалдык фонддун өкүлдөрү менен бирге мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандырууну өнүктүрүүгө, ишкер субъекттерин колдоого багытталган маселелер талкууланды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө жумуш орундарын түзгөн ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн 17,25 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтүү сунушталды. Себеби камсыздандыруу төгүмдөрүнүн пайызы жогору болгондуктан жумуш берүүчүлөр аны төлөөдөн качып, эмгек акынын бир бөлүгүн жашырып келүүдө.

Ошондой эле кызматкерлер төлөгөн 10 пайыз өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрүн Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна толугу менен бөлүштүрүү сунушталды.

"Мындай учурда ар бир жумушчу үчүн топтолгон каражат ачык көрүнүп, турак-жайы жоктор ал топтолгон акчаны ипотекалык батирлерди сатып алууда баштапкы төлөмгө колдоно алышат. Бул кызматкерлердин жумуш берүүчүлөрдөн расмий түрдө ачык-айкын айлык берүүнү талап кылууга шыктандырат. Мындан сырткары, Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна топтолгон каражаттар ал жаран каза болгон учурда мураскорлору тарабынан иштетилүүсүнө шарт түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

“Альянс” фракциясынын депутаттары бул чаралар ишкерлерди экономиканын көмүскө секторунан чыгарууга, "конверттердеги" жашыруун эмгек акыларды кыскартууга мүмкүндүк берген майнаптуу чара болуп саналарын билдиришип, тиешелүү чечимди бир добуштан колдошту.

Бул багыттагы сунуш Министрлер кабинетине жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: