Өкмөт Бишкекте унду өз баасында саткан жарманкелерди уюштурууда. Дареги, баасы

Бишкек шаарындагы ун сатыла турган жарманкелердин дареги:
Бишкек шаарындагы жарманкедеги жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун бир кабынын наркы:
Ошондой эле министрлик Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 40 миң тонна буудай кампадан чыгарыларын билдирди.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов ундун кымбатташы тууралуу маселе көтөрүп, өлкөдө бир кап ун бир заматта миң сомго кымбаттаганын сындаган.
Ал эми Марлен Маматалиев ундун кымбаттаганына өкмөт жетиштүү деңгээлде чара көрбөй жатканын айтып, нааразы болгон.
Андан соң УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарга жооп берип, аларды "хайп" кармап жатат деп айыптаган.
Өлкөдө ушул аптанын башынан бери ун кымбаттап, анын натыйжасында нандын баасы да көтөрүлүп кетти. Соодагерлер Казакстандан ташылып келинген ундун кабы миң сомго кымбаттаганын айтышууда. Ал эми өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирди. SUPER.KG порталы учурда абал кандай экенин соодагерлер менен тургундардын өз оозунан угуп келген. Материалдын шилетемеси бул жерде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.