super.kg logo

Баткен шаарында "Элден элге жардам" кайрымдуулук дүкөнү ачылды

 

Баткен шаарында "Элден элге жардам" кайрымдуулук дүкөнү иштеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук дүкөнү чет мамлекеттерде иштеп жүргөн Баткен облусунун жашоочуларынын демилгеси менен уюштурулду.

Дүкөндө негизинен муктаждарга акысыз азык-түлүктөр берилет.

Баткен шаарынын тургуну Жумабай Шакиров, Дамира Шакирова жана Айбек Надировдордун демилгеси Орусияда иштеген кыргызстандыктардын колдоосуна ээ болгон. Алар дүкөндү каржылоо үчүн атайын эсеп ачып, ай сайын акча каражатын которуп турууну макулдашкан.

Топтолгон каражатка турмуш-тиричиликке керектелүүчү негизги азык түлүктөр алынып, дүкөнгө коюлат жана муктаждарга таратылат.

"Учурда бул демилгени Америкада эмгектенген мекендештер, жергиликтүү колунда бар тургундар да колдоого алып, жардам берүүнү каалаган жарандардын катары көбөйүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жалгыз бой жардамга муктаж энелер, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр келип азык түлүк алып кетсе болот.

Белгилей кетсек, дүкөндүн уюштуруучулары жарандардын муктаждыгын аныктоодо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген тизменин негизинде иш алып барат. Дүкөн ачылгандан бери 200 адамга жардам көрсөткөн.

Дүкөн жуманын дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт. Дареги Самат Сыдыков көчөсү. Жардам алууну жана жардам берүүнү каалагандар +79629530231 WhatsAp номуруна, Шарапат Сулаймановага байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: