Токтогулда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, окуя тууралуу милицияга 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында билдирүү түшкөн.
Аталган факты Токтогул РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 10 жылдан бери жабырлануучу кыз жашаган үйдүн үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөнү кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.