super.kg logo

Селекциядагы окуя: Шектүү эки айга камалды

 

Чүйдө мурдагы аялын бычактаган адам 20-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди кечээ, 22-сентябрда Сокулук райондук соту кабыл алды.

Шектүү №1 тергөө абагында болот.

Аны 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Буга чейин маалымдалгандай, ал мурдагы аялынын үйүнө келип, кулак-мурдун кесип салган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлерин жана тез жардам кызматын кошунасы чакырган. Ал SUPER.KG порталына берген интервьюсунда шектүү менен келин чогуу жашабаганын, алар сот аркылуу ажырашканын билдирген.

Окуя боюнча Чүй облустук милициясы да билдирүү таратып, аял буга чейин мурунку күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазганын айткан.

Бул кылмыш ишин Ички иштер министри Улан Ниязбеков объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу үчүн жеке көзөмөлүнө алганы да кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: