Ошто мурдагы мектептин ордуна спорт аянтчасы курулат









Ош шаарындагы И.Раззаков атындагы мектептин эски авариялык имаратын толук бузуп алып салуу иштерин ушул жылдын 23-сентябрына чейин бүткөрүү каралган.
Ош шаардык мэрисынан билдиришкендей, учурда имарат толук мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тендерге берилип, уткан компания тарабынан бузулуп бүттү. Ушул тапта курулуш калдыктарын алып чыгуу иштери жүрүүдө.
Белгиленгендей, бул жердеги эски мектеп жайгашкан орунга спорт аянтчасы курулат.
Ал эми эски мектептин имаратын бузуу иштери, азыркы жаңы мектептин курулушунун жүрүшүнө тоскоолдук жаратпайт.
Эске салсак И.Раззаков мектеби 10 жылдан ашуун убакыттан бери курулушу башталып бүтпөй турган. Мектептин жаңы имаратынын курулушу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүрүп жатат.
