super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган жыйынына катышты

 

Кечээ, 22-сентябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Башкы ассамблеясынын кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынына катышты. Ага 130дан ашуун өлкөнүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, анда 130дан ашык өлкөнүн премьер-министрлери, саламаттык сактоо министрлери жана башка жогорку кызмат адамдары билдирүү жасап, кургак учук менен күрөшүү боюнча өз өлкөлөрүнүн милдеттенмелерин дагы бир жолу ырасташты.

Министр Кыргызстандын кургак учук менен күрөшүүдөгү жетишкендиктери менен бөлүшүп, артыкчылыктуу багыттарды белгиледи.

"Теңсиздик сапаттуу медициналык тейлөөгө жана медициналык тейлөөгө жетүүгө тоскоолдуктарды жаратып, кургак учуктун өз убагында диагностикасын жана дарылоону, айрыкча кирешеси төмөн жана ортодон төмөн өлкөлөрдө кыйындатат. Медициналык жардамга жеткиликтүүлүктөгү теңсиздикти жоюу кургак учукту жоюу боюнча биздин стратегиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат", - деди Бейшеналиев.

Ошондой эле министр өз сөзүндө көп дарыга туруктуу кургак учуктун жайылышына тынчсыздануусун билдирип, дүйнөлүк коомчулукту жаңы дарыларга жана диагностикалык методдорго инвестиция салууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: