super.kg logo

Бишкекте тил күнүнө карата кыз-жигит айтышы башталды (фото)

 

Бүгүн, 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкектеги Опера жана балет театрында "Тил улуттун тиреги" аталышындагы кыз-жигит айтышы башталууда. Кыргыз улуттук "Манас" театры уюштуруп жаткан айтышка жалпы 24 акын катышып жатат.

Атай кетсек, бул жолку кыз-жигит таймашында Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Максат Кулуев, Рыспай Исаков, Замир Баялиев, Самат Көчөрбаев, Жыпара Кожокеева, Изат Айдаркулова, Айтбү Атамкулова, Нуржан Түмөнбаева, Баян Акматов, Жамайка Токонова, Нурайым Бактияр кызы, Аккыс Абасбекова, Турат Жумаев, Кубат Тукешов, Тынчтык Эсенбай уулу, Акматбек Султан уулу, Бакыт Шаршеналиев, Мухамбет Султанов, Арген Биймырза уулу, Нурсултан Малдыбаев, Кутман Садыбакасов, Азамат Асанбек уулу аттуу төкмө акындар жана өнөр адамдары катышары белгиленген.

Салтанаттуу иш-чарага Башкы прокурор Курманкул Зулушев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү келишти. Иш-чара Рыспай Исаков баштаган манасчылардын Манас айтуусу менен башталды.

Андан соң төкмө акындар Амантай Кутманалиев менен Максат Кулуев жалпы эл менен саламдашып өтүштү.

Белгилей кетсек 23-сентябрь күнү Кыргызстанда мамлекеттик тилдин 34 жылдыгы белгиленүүдө. 1989-жылы дал ушул күнү кыргыз тили мамлекеттик тил катары кабыл алынган.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: