Мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирди делген Токтобай Маанаев кайрадан Улуттук госпиталга жетекчи болуп дайындалды
Токтобай Маанаев Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп кайрадан дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, буга чейин аталган мекемени Бакыт Төлөгөнов жетектеп келген. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрындагы №228 тиешелүү буйругу менен ал кызматынан бошотулган.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында Токтобай Маанаевге кылмыш иши козголгон. Атайын жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашык фактылар катталганы айтылган.
"Улуттук госпиталь — эң ири медициналык мекеме, жылдык бюджети донордук жана гранттык каражаттарды кошпогондо 700 миллион сомдон ашык. Анын ичинен 370 миллион сому дары-дармек жана медициналык буюмдарды (дарылар, протездер, рентген/ультраүн аппараттары) сатып алууга, ошондой эле учурдагы керектөөлөргө жумшалат. Ошентип, текшерүү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жана 40 миллион сомдон ашкан зыянды аныктады", - деп билдирген атайын кызмат.
Кармалгандан кийин кылмыш иши кандай аяктаганы белгисиз.



