super.kg logo

Ош шаарында ундун баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

 

Ош шаарында ундун баасы боюнча түшүндүрүү жана мониторинг иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, учурда унга болгон баа туруктуу.

Алсак, жергиликтүү өндүрүштөгү 1-сорттогу бир кап ундун баасы 1450 сом, импорттук 1-сорттогу ун 1725 сом, ал эми эң жогорку сорттогу ундун баасы 1875 сомдон сатылууда. Сырттан келген ундун баасынын өсүүсү чет элдик ун чыгаруучу ишканалардагы баанын жогорулашына байланыштуу.

Мамлекеттик мат резервте, жергиликтүү ун өндүрүүчү ишканаларда жана соода түйүндөрдүн кампаларында буудай, ун, күн карама майы жана кум шекердин кору жетиштүү.

Учурда Ош шаарына дагы 35 вагон буудай алынып келинүүдө.

Ун азыктарына болгон бааны жеринде көзөмөлдөө максатында Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери, салык кызматы, монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү биргеликте соодагерлер жана ун өндүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Унга болгон баа тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2023. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25 сомдук нандар 30 сом болуп которулду Ош шаарында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: