super.kg logo

"Накталай төлөм алган айдоочуларга чара көрүлөт". Бишкекте автобустарда рейд жүрүүдө

 

Бүгүн, 25-сентябрь Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын кызматкерлери автобустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча рейд өткөрүп, каттамдарды текшерүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө автобус айдоочуларына накталай акча алууга тыюу салынары, жол кире акысы накталай эмес жолу аркылуу жүргүзүлөрү эскертилди.

"Эгерде автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөт.

Фото, видео фактыларды ишкананын 0709572707 вотсап номерине жөнөтсөңүздөр болот", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилей кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:

- үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

- виртуалдуу NFC картасы;

- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;

- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.09.2023. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
0709570727туурвэа Эмес номердт жазыпсынар
25.09.2023. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4,17,100, троллейбус,автобустар алып эле атат,контрол жүргүзүү керек
25.09.2023. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ватсап номеринер туура эмес мындай номер жок деп атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: