Бишкекте Ак-Тилек-Турбаза конушундагы мыйзамсыз курулуштар алынууда
Бишкекте Ак-Тилек-Турбаза конушундагы мыйзамсыз курулуштар алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ак-Тилек-Турбаза конушунда тиешелүү документтери жок курулган өз алдынча чарбалык курулуштар жана тосмолор алынды. Алар газ түтүктөрүн тартууга тоскоол болгон.
"Аталган объектилер Бишкек шаарынын мэриясына караштуу жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан, МАБ жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда демонтаждалган.
Ошондой эле Свердлов районунда №43 (Мадина базары) жана №44 (Төмөнкү Төкөлдөш) кварталдарын газдаштыруу иштери уланууда. Бул жерге 11 километрден ашык газ түтүктөрүн орнотуу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда Свердлов районунун 4 конушунда – Ак-Тилек, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза жана Бакай-Ата конушунда газдаштыруу иштери уланууда.
