super.kg logo

Наманганда 70тен ашык бала ууланды

 

Өзбекстандын Наманган облусундагы Чуст районунда уулануунун белгилери менен 71 бала ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда райондук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Аброрбек Алижонов азырынча балдардын эмнеге ууланганы белгисиз болууда.

"Абал социалдык түйүндөрдө жазылып жаткандай деле кооптуу эмес. Балдардын көбү медиктердин кароосунан кийин кайра үйлөрүнө коё берилди. Расмий маалымат бардык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы чыккандан кийин болот", – деди ал.

Буга чейин Наманган облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы 21-сентябрда дене табы жогорулап, ичи ооруп, кускусу келип жана ичи өтүп жатканына даттанган аймактагы тогуз бала бакчанын тарбиялануучулары менен эки мектептин окуучулары ооруканага кайрылганын билдирген.

Учурда өзүн жакшы сезип калган тогуз бала үйүнө коё берилип, калгандары медиктердин көзөмөлүндө экени кабарланууда.

Балдар эмнеге ууланганы боюнча расмий маалымат бериле элек. Ата-энелер балдарына йод беришкенин билдирүүдө (ушул жумадан тарта Өзбекстанда ар шаршемби сайын балдарга йод берүү өнөктүгү башталган). Башкармалыктын билдирүүсүндө балдар йодго ууланган болушу мүмкүн деген версия да текшерилип жатканы белгиленген.

Буга чейин өлкөнүн бардык аймактарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына жана мектеп окуучуларына бекер йод препараттары берилери кабарланган.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Чуст районунда өзгөчө абал режими киргизилгени тууралуу маалыматты четке какты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: