Өлкөдө ун менен буудайды экспорттоого тыюу салынды
Кыргызстанда ун менен буудайды ташып чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында 6 айлык мөөнөт менен буудай унун жана буудайды убактылуу ташып чыгууга тыюу салынды.
Ага ылайык, 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 500 Министрлер кабинетинин "Кыргыз Республикасынан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому кабыл алынды.
Эске салсак, өлкөдө өткөн аптанын башынан бери ун кымбаттап, анын натыйжасында нандын баасы да көтөрүлүп кетти. Соодагерлер Казакстандан ташылып келинген ундун кабы миң сомго кымбаттаганын айтышууда. Ал эми өкмөт өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын билдирди. SUPER.KG порталы учурда абал кандай экенин соодагерлер менен тургундардын өз оозунан угуп келген. Материалдын шилетемеси бул жерде.
