Бейшеналиев мамлекетке 40 миллион сом зыян келтирди делген Маанаевди кайра кызматтан алды
Бүгүн, 25-сентябрда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевди кызматынан бошотту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 22-сентябрдагы Улуттук госпиталдын башкы дарыгерлик кызматына Маанаевди дайындоо буйругуна өзгөртүүлөр киргизилген.
"Саламаттык сактоо министрлигинин 25-сентябрдагы № 231 буйругуна ылайык, Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдеттери жаңы жетекчи дайындалганга чейин ушул эле мекеменин башкы дарыгеринин орун басары кызматы Улукбек Кулукеевге жүктөлдү", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ Токтобай Маанаев Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп кайрадан дайындалганы маалым болгон. Маанаевге ушул жылдын март айында кылмыш иши козголгон. Атайын жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашык фактылар катталганы айтылган. Ал эми кылмыш ишинин кандай аяктаганы белгисиз.
SUPER.KG порталынын социалдык тармактагы баракчаларына катталыңыз: Instagram, Facebook, Одноклассники, Теlegram, Twitter.

