Кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз акча каражатын өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды
"Достук-автожол" өткөрүү жайынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан акча каражаттарынын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызстандан Өзбекстанга багыт алган 1988-жылы туулган Н.С. аттуу Кыргыз жараны болжол менен саат 9:00 чамасында өткөрүү жайына келип, чек ара көзөмөлүнөн өтүү учурунда анын жанынан 20 миң 900 доллар табылды.
Ага ылайык, ал валютаны бажы мыйзамын кайгып өтүп, акча каражаттарын декларациядан өткөрбөй туруп алып өтүүгө аракет кылган.
Кармалган жаран жана акча каражаттары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.