super.kg logo

Balance.kg 2023-жылдын мыкты компаниясы болуп табылды

 

Balance.kg компаниясы Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин «2023-жылдын мыкты компаниясы» номинациясындагы сыйлыгын жеңип алды. Долбоор каржылык технологияларга болгон инновациялык мамилелери, тейлөөнүн жогорку деңгээли жана бизнести өнүктүрүү жаатындагы чоң жетишкендиктери менен таанылды.

Сыйлык тапшыруу аземи 20-сентябрда Улуттук тарых музейинде өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.

«Албетте, экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жана өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстарына жетүү үчүн ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн олуттуу салымын белгилей кетүү керек. Ишкердик кайсы болбосун экономиканын кыймылдаткычы экендиги эч кимге жашыруун эмес», — деп белгиледи ал.

Balance.kg жамааты өз кезегинде көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине ыраазычылык билдирди.

«Албетте, биз кардарларыбыз үчүн өнүмдөрүбүздү жана кызматтарыбызды жакшыртууга, ошондой эле өнөр жайды жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошууга умтулабыз», — деп белгиледи компания.

Balance.kg электрондук төлөм рыногунда кызматтардын кеңири спектрин сунуштаган санариптик төлөм системалары тармагындагы алдыңкы IT-өнүм болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: