super.kg logo

Сокулукта үч баласын сатып ийген аял кармалды

 

Сокулукта балдарын сатып жибергенге шектелип келин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Сокулук айылынын А.А. аттуу тургуну 2001-жылы туулган Д.Н. аттуу мурдагы жубайы балдарын көрсөтпөй жатканын айтып, ага чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Д.Н. 2021-жылдын 7-мартында Д.Д. деген кызды төрөп, аны Москва районунун тургунуна саткан. 2022-жылдын 28-апрелинде К.Т. аттуу уулдуу болуп, аны К. аттуу жаранга, ал эми 2023-жылдын 16-мартында төрөлгөн кызын М. деген жаранга сатып жиберген", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (балдарды сатуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми балдардын жүргөн жери аныкталып, бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлдү.

Мекемеден маалымдагандай, азыркы тапта кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

SUPER.KG порталынын социалдык тармактагы баракчаларына катталыңыз: Instagram, Facebook, Одноклассники, Теlegram, Twitter.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: