Тайванда топ чыгаруучу заводдо жарылуу болуп, 10 адам каза тапты (видео)
Тайванда гольфтун тобун чыгарган заводдогу жарылуудан улам каза болгондордун саны 10го жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 22-сентябрда болгон кырсыктан 10 адам каза таап, бир адам изделүүдө. Ал эми 109 адамдын жаракат алганы айтылууда.
Кырсык аралдын түштүгүндөгү Пинтун округунда болгон. Биринчи жарылуудан бир канча убакыт өткөндөн кийин экинчи жарылуу болуп, имараттын конструкциялары урап түшкөн. Өндүрүштө кооптуу заттар сакталгандыктан өрттү өчүрүүдө алгач кургак заттарды гана колдонушкан. Белгилүү болгондой, өрт 28 сааттан кийин гана өчүрүлгөн. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун арасында төрт куткаруучу жана беш кызматкер бар.
видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.