super.kg logo

Ишкер инвесторлордон акча талап кылган. Садыр Жапаров бул боюнча тапшырма берди

 

Ишкер жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, инвесторлордон акча талап кылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, Кыргызстан акыркы эки жарым жылдан бери инвестицияларды тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Бул иш Жапаровдун жеке көзөмөлүндө.

"Мамлекет башчысы ар дайым "инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү керек" деген талапты бардык мамлекеттик органдарга, тийиштүү мекемелерге коюп келет.

Өзүңүздөргө маалым болгондой өлкөгө түз инвестицияларды тартуу иши оңой эмес. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө тилекке каршы, инвесторлордун өлкөбүздө ишмердүүлүгүнө жолтоо болгон учурлар бар.

Мисалы, акниет эмес бир жаран кармалды. Ал өзү бизнесмен жана жогорку даражалуу аткаминерлер менен байланышы бар экенин айтып, керек болсо силерди жок кылам деп коркутуп, инвесторлордон опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган.

Бул маалымат Садыр Жапаровго жеткен жана ал териштирүү тапшырмасын берип, анын жыйынтыгында бул жаран кармалып, камакка алынды. Андан ары тергөө иштери жүрөт.

Президент Жапаров дагы бир жолу Кыргызстанда "кол тийбестер" жок экендигин эскертет. Өлкөдө кимде-ким инвесторлорду жогорку даражалуу байланыштары менен коркутуп-үркүтүп, алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо болсо, инвесторлорду жеке кызыкчылыгына пайдаланып, алардан мыйзамсыз акча каражатын талап кылса дароо камалат.

"Өлкө башчысын адаштырып коёбуз же ал эч нерсе билбей калат" дегендер болсо, алар катуу жаңылышат.

Президент Жапаров УКМК, ИИМ жана башка жеке булактарынан ыкчам маалыматтарды дайыма алып турат. Учурда мамлекет башчысында дагы кимдер "жогорку байланыштарына" жамынып инвесторлорду коркутуу, акча талап кылуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Арам ойлорун ишке ашырам дегендер үчүн абактарда орундар жетиштүү", - деп жазды Султанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: