Актёр Эрмек Таалайбековдун жубайы төрөт үйүнөн чыкты
Бүгүн, 25-сентябрда актёр Эрмек Таалайбеков жубайы Бекзада Жолборс менен жаңы төрөлгөн кызын төрөт үйүнөн чыгарды. Бул тууралуу Таалайбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
"Сени аябай күттүк, кызым",- деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, 22-сентябрда түгөйлөр кыздуу болушуп, Таалайбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүшкөн.
Ага чейин түгөйлөр кыздуу боло турганын жарыялаган болчу. Анда блогер Бекзада Жолборс бул учурду көптөн бери күтүп жатышкандыгын жазган.
Белгилей кетсек, актёр Эрмек Таалайбеков менен Бекзада Жолборс 2017-жылы 6-ноябрда баш кошушкан.
SUPER.KG порталынын социалдык тармактагы баракчаларына катталыңыз: Instagram, Facebook, Одноклассники, Теlegram, Twitter.
Актёр Эрмек Таалайбековдун жубайы төрөт үйүнөн чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.