super.kg logo

Өлкөдө 22 ооруканага баланын угуусунун начарлашын аныктоочу жабдуулар тапшырылды

 

Өлкөдө 22 ооруканага ымыркайдын жана балдардын угуусунун начарлашын эрте аныктай турган жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, жабдуулар төмөнкү ооруканаларга берилди:

- Сузак ЖДПБ – 2;
- Сузак төрөт үйү – 1;
- Жалал-Абад облустук төрөт үйү – 1;
- Жалал-Абад ЖДПБ – 2;
- Ноокат ЖДПБ "Барын" – 1;
- Ноокат ЖДПБ "Медигос" – 1;
- Ноокат төрөт үйү – 1;
- ООБКО – 1;
- Ош шаардык төрөт үйү – 1;
- Ош ҮМБ – 2;
- Бишкек ҮМБ – 4;
- Каракол ЫОБО – 1;
- Чолпон-Ата төрөт үйү, ЖДПБ – 2;
- ЭжБКУБ – 2.

Ага ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жана Ош облустар аралык балдар ооруканасы комплекстүү диагностика жүргүзүүчү жабдуу алышты.

"Буга чейин 150дөн ашык медицина кызматкерлери жабдууларды туура жана натыйжалуу пайдалануу үчүн окуудан өткөн. Эми өлкөнүн түштүгүндөгү ата-энелер Бишкекке эмес, Ошко келип балдарынын угуу боюнча көйгөйлөрдү аныктай алышат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жабдуулардын жалпы баасы 8,6 миллион сомду (99 миң доллар) түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: