super.kg logo
  Саясат  

Кытайда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрү өттү

 

Кытайда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ханчжоу шаарына (Кытай Эл Республикасы) жумуш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азия оюндарынын алкагында Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Дук Су менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ага ылайык, тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, анын ичинде жакында эле эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Нью-Йоркто (Америка Кошмо Штаттары) өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну кароону талкуулашты.

Түштүк Корея биздин өлкөнүн Азия-Тынч океан аймагындагы приоритеттүү өнөктөшү болуп саналат жана биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди жогору баалайбыз, ошондой эле биздин кызматташуубуз келечекте дагы бекемделишине ишенебиз”, - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Жыйынтыгында мамлекеттер аралык байланыштарды жана эки тарапты кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүнүн кийинки кадамдары белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: