super.kg logo

Жалал-Абадда ИГИЛ террористтик уюмунун мүчөсү кармалды

 

Жалал-Абад облусунда экстремисттик жана террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик материалдарды таркатып жүргөн жаран боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде, кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары 1988-жылы туулган Г.А. аттуу Сузак районунун тургуну кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.

"Жүргүзүлгөн соттук дин таануу экспертизасынын корутундусуна ылайык, алынган далилдер Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "ИШИМ-Ирак", "Шам Ислам Мамлекети" (ИГИЛ) экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү материалдар экендиги аныкталды", - деп айылат билдирүүдө.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2023. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштардын светтик дуйно таанымын которуу керек. Болбосо ашынган сокур динчил фанаттардын зыянын светтик коом тартып калат. Жаштардын Жан дуйносунун боштугун музыка, корком чыгарма, адабият менен толуктоо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: