super.kg logo

Мэрия 49 жылга ижарага берилген жерди соттун чечими менен кайтарып алды

 

Бишкек мэринин орун басары Нурдан Орунтев Киркомстром конушунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен Киркомстром конушунун тургундарынын ортосунда муниципалдык аймакка спорт комплексин, мектеп, сейил бак куруу маселеси боюнча жолугушуу өттү.

Ага ылайык, жолугушуу Киркомстром конушунун түштүк-батыш тарабында жайгашкан 2,7 гектар жер тилкесинде эс алуу паркын куруу өтүнүчү менен уюштурулган.

"Шаар тургундары менен жолугушууда мэрдин орун басары жер тилкеге спорт комплексин, мектеп жана эс алуу багын куруу пландалып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал белгиленген объекттер 3 жыл аралыгында куруларын айтты", - деп жазылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Бул жер тилкеси 2005-жылы жеке адамга 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. 2021-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы ижара келишимин бузуу боюнча сотко кайрылган. Соттун чечими менен 2,7 гектар жер тилкеси мэрияга кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: