super.kg logo

Кыргызстанда көмүрдүн баасы арзандашы мүмкүн

 

Кыргызстанда көмүрдүн баасы арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда "Биринчи радионун" түз эфиринде "Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишкананын директорунун орун басары Амантур Турсуниязов билдирди.

Турсуниязовдун айтымында, аталган ишкана көмүрдү Бишкекке Кара-Кече кенинен темир жол аркылуу жеткирүүгө ниеттенүүдө. Мындай ыкма менен көмүрдүн баасы автоунаа менен ташыганга караганда бир аз арзандайт.

"Дагы бир-эки отун база ачалы деген ниетибиз бар, мунун аркасында көмүрдү темир жол менен жеткирүүгө шарт түзүлөт. Бул көмүрдүн баасы автоунаа менен ташыганга караганда бир аз арзандайт. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен келишим түздүк. Ишкана бул багытта иш алып барууда. Бул көмүрдүн кымбатташына жол бербөө үчүн маанилүү", - деди ал.

Ошондой эле Турсуниязов Бишкекке 861 тонна көмүр жеткирилгенин кошумчалады.

"Биз Бишкекке көмүрдү өз баасында жеткире алабыз. Бишкекте үч пункт ачканы жатабыз, ал жерден сатып алса болот. Тактап айтсам, Сыдыгалиев көчөсү, № 7 дарегине 861 тонна көмүр жеткирдик. Азыр анын баасын, канчадан сатыла турганын тактап жатабыз. Мэрия менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Алар көмүр сатуу үчүн дагы эки пункт ачууга кошумча жардам берүүнү убадалашты", - деп белгиледи ал.

"Кыргызкөмүрдүн” өкүлү билдиргендей, сентябрь айында Бишкек ЖЭБине 15 миң тоннага жакын көмүр келген. Ошондой эле ал көмүрдүн кору жетиштүү экенин, кыргызстандыктар бул боюнча кабатыр болбой эле койсо болорун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: