super.kg logo

Бишкектин Киргизия-1 конушундагы бала бакча бөбөктөргө эшигин ачты (сүрөт)

 

Бишкектин Киргизия-1 конушундагы бала бакча бөбөктөргө эшигин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №26 бала бакча ачылды.

Ага ылайык, Капиталдык курулуш башкармалыгы Самойленко көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакчага кошумча корпустун курулуш иштерин аяктады.

"Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты – 1442 чарчы метр. Бала бакчанын сметалык наркы – шаардык бюджеттен 118 миллион сомду түзөт.

Бала бакча медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр менен камсыздалган. Ойноочу жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыка сабагы үчүн өзүнчө бөлмө каралган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бала бакчанын аймагы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулду.

Белгилей кетсек, курулуш иштери "Гипер Строй" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: