Экс-депутат Замирбек Парманкулов муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды (видео)






Бишкекте экс-депутат Замирбек Парманкулов муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте көчмө жыйын өткөргөн. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкулов тарабынан муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды.
Учурда Рабочая көчөсү, 11 б дарегинде жайгашкан муниципалдык имараттарды бошотуу иштери жүрүп жатат.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын 6-апрелиндеги келишимге ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү Рабочая көчөсү, 11 б дарегинде жайгашкан 0,517 гектар муниципалдык жер тилкеси, андагы муниципалдык бала бакча комплекси менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине тиешелүү Кийизбаев көчөсү, 206 дарегинде 1,516 гектарды түзгөн иш жүзүндөгү имараттары менен алмашуу жүргүзүлгөн.
Ага кошумчалай, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев экс-депутат Замирбек Парманкулов анын үстүнөн арыз жазгандыгын тастыктады.
Экс-депутат Замирбек Парманкулов муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды
Экс-депутат Замирбек Парманкулов муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды

