super.kg logo

Тоолуу Карабахта бензовоз жарылып, 200 адам жаракат алды (видео)

 

Тоолуу Карабахтын борбору Степанакерттеги май куюучу станцияда болгон жарылуудан 200дөн ашык адам жабыркады. Бул тууралуу коомчулук тарабынан таанылбаган республиканын акыйкатчысы Гегам Степанян социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

"Күйүүчү май кампасында болгон жарылуунун натыйжасында жабыркагандардын саны 200дөн ашты", - деп жазган Степанян. Ал белгилегендей, жаракат алгандардын көпчүлүгүнүн абалы оор же өтө оор деп бааланууда.

Степаняндын айтымына караганда, Тоолуу Карабахтын медициналык мүмкүнчүлүктөрү аз, жабыркагандарды куткаруу үчүн санитардык авиация керек. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, Степанакерт-Аскеран унаа жолунда жайгашкан май куюучу станцияда цистерна жарылган.

Айрым маалыматтар боюнча, май куюучу станция Карабахтан Арменияга кетип жаткандарды бензин менен камсыз кылган.

Эске салсак, кечээ, 25-сентябрда Тоолуу Карабахтан Арменияга 2,9 миңден ашуун адам жер которгону маалымдалган. Учурда Арменияга жер которгондордун саны 5 миңге жакын экени айтылууда.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: