Депутаттар Бишкектеги тергөө абактарынын абалы менен таанышты (сүрөт)





Абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия 25-сентябрда Бишкек шаарында жайгашкан коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерин кыдырды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу, депутаттар Марат Мураталиев, Бакыт Тентишов, тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттерден турган топтун алгачкы кыдыруусу Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайынан башталды. Депутаттык комиссия Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайынын шарттары менен жеринде таанышып, ар бир камераларды көрүп чыгышты.
Андан соң депутаттык комиссиянын кыдыруусу СИЗО-1де улантылды. Комиссия мекеменин кармоо шарттары менен таанышып, иши тергөөдө же сотто каралып жаткан кээ бир кармалгандар менен баарлашып, алардын үнүн укту. Кыдыруунун жүрүшүндө депутаттар аялдар, эркектер отурган камераларды, тамактануучу жайларды, сот отурумдарына онлайн катышууну камсыздаган кабинеттерди көрүп чыгышты.
Депутаттык комиссия мындан сырткары, УКМКнын тергөө абагында кармалган адамдардын абалы менен да таанышып чыкты.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 14-июнунда Жогорку Кеңеште мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.



